БАА II
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсенин, товардын акча бирдиги менен же башка бир затка теңештирүү аркылуу көрсөтүлгөн наркы. Мамлекеттик баа. Базар баасы. // Тогуз улак бириксе, Баасы жалгыз тайдай жок (Токтогул). 2. Бирөөнүн, бир нерсенин же кандайдыр бир иштин сапатын, өзгөчөлүгүн белгилөө үчүн берилген маани. Барктуу кары Мукемди, Баа берип элиң сыйлады (Осмонкул). Майлы-Сайдын ичинде, Баасы артык нефти кеним бар (Осмонкул). Эмгегиңе баа берип, өкмөт сизди сыйлады (Тоголок Молдо). // сын. м. Кымбат, баалуу, кымбаттуу. Жакшы аттар абдан баа экен (Бейшеналиев). Калың калмак ичинде, Баатыр элең кымбат баа («Курманбек»). Баарысынын баасы Баатырым Чубак келатат («Манас»). 3. Окуучулардын билим деңгээлин, жүрүш-турушун көрсөтүүчү белги, балл. Жакшы бааларда окуу. Канааттандырарлык эмес баа. // «5» деген баада бүтүргүн, Жыйнактап жылдык сабакты (Нуркамал).